Экс-депутат Садыр Жапаровго мунапыс берүүдөн баш тартышты

Экс-депутат Садыр Жапаровго мунапыс берүүдөн баш тартышты. Мындай чечим Чүй облустук соту тарабынан кабыл алынып, биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.

Буга чейин Аламүдүн райондук соту ушундай чечим кабыл алган.

Эске салсак, бүгүн Чүй облустук соту Садыр Жапаровго карата мунапыс берүү ишин караган. Анын адвокатынын айтымында, ага себеп болуп, КР Жазык кодекси боюнча экс-депутат оор кылмыш жасаганы үчүн камакка алынса, жаңы кодекс боюнча анын кылмышы анча оор эмес болуп cаналат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД