Кыргызстандыктар армиялык Эл аралык оюндардын жабылуу салтанатына катышты

17-августта "Патриот" москвалык аскердик-патриоттук маданий жана эс алуу паркында "АрМИ-2019" бешинчи армиялык эл аралык оюндардын салтанаттуу жабылышы болуп өттү. Аскердик оюндар 3-17-августта 25 аскердик полигондо 10 мамлекеттин – Россия, Азербайжан, Армения, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Индия, Иран, Монголия жана Өзбекстандын катышуусу менен өттү.

Мелдештин ар кандай түрлөрү боюнча 39 өлкөнүн командалары биринчилик үчүн ат салышты. Кыргызстандан барган аскерлер танкалык биатлон (полигон Алабино, Москва облусу, Одинцов району), "Десанттык взвод" (Псков облусу), "Инженердик формула" жана "Коопсуз багыт" (Тюмень облусу), Ат марафону (Монголия) сыяктуу конкурстарга катышты. Танкалык биатлон боюнча Кыргызстандын курама командасы Аскер оюндарынын жабылыш асеминин катышуучусу болду.

РФ Коргоо министри Сергей Шойгу армиялык оюндарга катышкан коргоо ведомстволорунун жетекчилерине ыраазычылыгын билдирип, бүгүнкү күндө мындай мелдештерди өткөрүү маанилүү, кийинки жылы мелдешке катышуучулардын саны канчалык көп болсо, тынчтык ошончолук бекем болоорун белгиледи.

Армиялык эл аралык оюндардын кубогун Россиянын командасы жеңип алып, 16 алтын, 12 күмүш жана 3 коло медалы менен сыйланды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД