Бишкекте "Театральный" коомдук бакчасы иретке келтирилүүдө

Борбор шаарыбыздын мэри Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен Бишкектеги А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын артында жайгашкан "Театральный" коомдук бакчасында масштабдуу түрдө реконструкция иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу борбордук муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Коомдук бакчанын баардык тарабы театралдык тематика баюнча иретке келтирилет. "Бишкек жашылдандыруу чарбасы" жаңы архитектуралык формада жасалган музыкалык аспаптарды орнотту. Шаардыктарды гүлгө толтурулган ак рояль, эс алып жүргөн бишкектиктерди 6 театралдык маскалар тосуп алат. Комуз, кыл кыяк, скрипка ачкычы да бар. Бул музыкалык аспаптардын баардыгы борбордук Жашылдандыруу чарбасынын чебер жыгач усталары тарабынан жасалган.

Ошондой эле 20 миң гүл отургузулган жаңы гүл клумбасы жасалды. Көп бак-дарактардын бутактары кыркылып, жаңы көчөттөр отургузулду.

Муниципалдык "Бишкекасфальтсервис" жана Бишкек жарык берүү" ишканалары тарабынан жолдорго жаңы асфальт төшөлүп, жарык берүүчү линиялар тартылды.

Белгилей кетсек, бул долбоор "Бишкек жашылдандыруу чарбасынын" дизайнерлери жана агрономдору тарабынан иштелип чыккан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД