Өкмөт жолдо жүрүүдө айып пулду азайтуу боюнча ИИМ демилгесин колдоду

Кыргызстандын өкмөтү жолдо жүрүү эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулдун өлчөмүн азайтуу боюнча ИИМдин демилгесин колдойт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков нормативдик-укуктук актыларды, сот-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган чечимдерди талдоо боюнча мекемелер аралык жумуш топтун жыйынында билдирди.

-Бизге коомчулуктан, Жогорку Кеңештин депутаттарынан, айдоочулардан айып пулдардын бир нечесин азайтуу боюнча жетишээрлик кайрылуулар келип түштү. Биздин жумушчу топ келип түшкөн сунуштардын негизинде эреже бузуунун 8 түрү боюнча айып пулду азайтууга макул болду", - деди Жеңиш Разаков.

Жол кыймылын төмөнкү категориялары боюнча айып пулдун өлчөмүн азайтуу сунушталууда, жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы, жолдун жүрүүгө уруксат берилген бөлүгүндөгү белгилердин талаптарын аткарбагандыгы (кууп өтүү же каршы тилкеге чыгып кетүү эрежелерди бузуу фактыларын кошпогондо), унааны токтотуу жана уруксат берилбеген жерге токтотуу боюнча эрежени бузуу, коопсуздук аралыгын жана жолдо жүргөн автоунаалар катары боюнча жол эрежелерин бузуу, светофордон уруксат берилбеген учурда стоп-сызыгынын алдына токтоо, көрсөтүлгөн жол белгилерин же өтүүгө уруксат берилген жолдун бөлүгүнөн Жол кыймылынын эрежелерин сактабай өтүү, кууп өтүү боюнча эрежени бузуу, сырткы жарык берүүчү приборлорду же эскертүүчү сигналдарды колдонууда эреже бузуу.

Жогоруда тизмектелген эреже бузуулар боюнча айып пулдун көлөмүн 3000 сомдон 1000 сомго чейин төмөндөтүү болжолдонууда.

Андан тышкары, кеңешмеде соттук-укуктук реформа алкагында кабыл алынган жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды жакшыртуу боюнча 4 маселе каралды. Анын эң маанилүү маселелеринин бири катары "КР укук коргоо органдарынын ишмердиги жөнүндө" мыйзам болуп эсептелет. Анын максаты мамлекеттик бийлик органдарынын системасында укук коргоо органдарынын орду жана ролу, укуктук негиздерин, принциптерин, уюштуруу маселелерин жана ишмердигин аныктоо. Тактап айтканда, келечекте укук коргоо органдарынын ишмердигин жөнгө салуу нормативдери бирдиктүү мыйзам аркылуу жүргүзүлөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД