РФ Борбордук аскер округунун ансамбли "Кант" авиабазасында концерт берди

Аскер бөлүгүндө Аба-космостук күчтөрүнүн күнүн кече жакында белгилеген авиаторлордун кесиптик майрамында белгилүү чыгармачыл коллективдин концерт бериши, алар үчүн чоң белек болду.

Учкучтарга арналган патриоттук жана элдик ырлар аткарылды. Авиаторлорду мындан тышкары хор, оркестр жана балеттик топтун бийи кубандырып, концерт көрүүчүлөргө жакшы маанай тартуулады.

Айта кетсек, ОДКБнын "Кант" авиабазасында аскерлер ансамблинин концерти биринчи жолу өтүп жаткан жок, бул жерде аларды жакшы таанышат жана жылуу кабыл алышат.

Борбордук аскер округунун ыр жана бий ансамбли 1939-жылы 13-сентябрда наркомдун буйругу менен уюшулган, бирок, алар туулган күнүн 1939-жылы 4-декабрда Уралдын борборундагы опера жана балет театрында концерт берген күндөн баштап белгилешкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД