Өмүрбек Бабанов эми УКМКга сурак берүүгө чакырылды

"Республика" партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоодо Ош шаарынын "Амир-Тимур" кичирайонунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда сүйлөгөн сөзү тууралуу иш боюнча УКМКга күбө катары сурак берүүгө чакырылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, президенттик шайлоо өтөөрү менен Өмүрбек Бабановго карата КР Жазык кодексинин 299-беренеси (Улуттук, расалык жана диний кастыкты козутуу) жана 297-беренеси (Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо) боюнча эки кылмыш иши козголгон.

Ал ошондон кийин саясий карьерасын токтоткондугун билдирип, 2017-жылы 23-октябрда Бишкектен Москвага кетип, 2 жылдан бери ал жакта жашаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД