Кыргызстан-Казакстан күч органдарынын командалары регби боюнча күч сынашат

Бүгүн, 20-августта, саат 10.00дө Кыргыз мамлекеттик дене тарбия академиясынын стадионунда КР ИИМ Ички аскерлер бөлүмүнүн командачысынын кубогу үчүн "РЕГБИ-7" турнири өткөрүлөт. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Бул спорттук иш чара ИИМ Ички аскерлер бөлүмүнүн түзүлгөндүгүнүн 78-жылдыгына арналып өткөрүлүп жатат.

Спорттук турнирге КР ИИМ Ички аскердик бөлүмү, КР Улуттук гвардиясы, КР ИИМ "Шумкар" атайын кызматы, Казакстандын ИИМ Улуттук гвардиясы, Алматы шаарынын "Азия спорт" командасы жана Алматы шаарынын курама командасы катышмакчы.

Ички иштер министрлиги РЕГБИ оюнун жактыргандарды стадионго келип, турнирдин катышуучуларын колдоого чакырат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД