Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери пара алып жаткан жеринен кармалды

Ноокен районундагы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери ишкерден пара талап кылган. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун Ноокен району боюнча Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына жеке ишкер Ч.А. (аял киши) арыз менен кайрылып, Бүргөндү айыл өкмөтүнүн М.А. аттуу бухгалтери кызмат абалынан пайдаланып, курулуш материалдарын алып келүү боюнча буга чейин утуп алган тендер үчүн 74 миң сом пара талап кылып жаткандыгын билдирген.

Сотко чейинки өндүрүш ишине алынган бул арыз Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 326-беренеси боюнча (Пара талап кылуу) катталган.

14-августта бул иш боюнча тиешелүү иш чаранын жүпгүзүлүшү учурунда, Ноокен районундагы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери М.А. 40 миң сом алып жаткан жеринен кармалды.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД