Мытищи шаарында кыргызстандыктар жол кырсыгына кабылды

Москва облусунун Мытищи шаарындагы жол кырсыгында Кыргызстандын 4 жараны жабыркап, ооруканага жеткирилди.

Маалыматка караганда, кыргызстандык айдоочу рулга ээ боло албай, катуу ылдамдык менен жол четинде токтоп турган жүк ташуучу унаага урунган. Автоунаадагы дагы 3 кыргызстандык жаракат алды. Күнөө кыргызстандык-айдоочу тарабынан кетирилгендиги аныкталган.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкери жабырлануучулар жаткан ооруканага барып, алардын абалы менен таанышты. 3 жүргүнчүнүн абалы өтө оор, айдоочунуку туруктуу, ал азыр травматология бөлүмүнө которулду.

Ошондой эле элчиликтин кызматкери жабыр тарткандардын туугандары менен жолугушуп, алардын кийинки аракеттери боюнча түшүндүрмө берди. Жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери элчиликтин көзөмөлүнө алынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД