"Электрондук кезек" боюнча балдар бакчасына 48 миң бала орноштурулду

Кыргызстанда "Электрондук кезек" программасы ишке киргизилгенден баштап балдар бакчасына 48 миң бала орноштурулду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, "Электрондук кезек" программасын ишке ашырууда, Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын balabakcha.edu.gov.kg платформасы 2018-жылы башталган.

-Программа ишке киргенден баштап Бишкекте, Ошто, Чүй облусунун Ысык-Ата районунда ата-энелер тарабынан 115 500 электрондук билдирүү берилип, 48 миңден ашык бала балдар бакчасына орношутурулган.

Аыркы убакта Билим берүү жана илим министрлигине "Электрондук кезекти" Жалал-Абад, Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаарларында жана Ысык-Көл облусунда киргизүүнү билдирген арыздар келип түшүүдө, - деп айтылат аталган министрликтин билдирүүсүндө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД