Феликс Кулов Аскар Акаевге кечирим берүүнү дагы бир жолу сунуштады

Экс-премьер-министр Феликс Кулов качкын президент Аскар Акаевге кечирим берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал соцтармактагы өз баракчасына жазган.

Анын айтымында, эч нерсе жасабаган кишинин гана катачылыгы болбойт. Саясатчы Акаевге мамлекеттик телеканалда сөз сүйлөп өзүн актоосуна мүмкүнчүлүк берүү керектигин сунуш кылды.

-Кечире билүү биздин элдин эң мыкты сапаттарынын бири болуп саналат. Ал эми кечиримдүү болуу – кайраттуу жана айкөл адамга тиешелүү сапат. Буга биздин Манас мисал боло алат. Тилкекке каршы, бүгүн коомдо көрө албастык жана ачуулангандык көп болууда. Бул айрыкча соцтармактарда жана айрыкча мурда тоголок кат жазуучулар деп аталгандар тарабынан жазгандарынан байкалып жатат. Азыр буларды фейк жана жашоодо эч нерсе жасабай, сын айтууда активдүүлүгүн көрсөтүүчү "диван" эксперттери деп аташууда. Мен Акаевдин кайтып келишине тоскоолдук жасоо жарабайт деген ойдомун жана анын өлкөдө Биринчи президенттик кызматын аткарып жаткан ишмердиги мезгилине туура баа берүү убагы келди деген ишеничтемин. Ушуну менен бирге ага биздин мамлекеттик телеканалынан ачык түрдө кызматтан кеткенден кийин өзүнүн дарегине карата саясий күнөөлөрдүн коюлушу боюнча оюн айтууга мүмкүндүк берүү керек, - деп жазган Кулов.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын башында экс-премьер-министр Феликс Кулов качкын президентке кечирим берип жана анын тажрыйбасын колдонууну сунуштаган.

Ушуну менен бирге эске салсак, Аскар Акаевдин президенттик мезгилинде Феликс Куловго эки айып тагылып, түрмөгө камалган.

2001-жылы 22-январда Бишкек гарнизондук сотунун чечими менен Кулов мүлкүн конфискациялоо кылуу, генерал-лейтенант аскердик наамынан ажыратуу менен, УКМК жетекчлиги кызматы абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн 7 жылга соттолгон.

2002-жылы май айында соттун жаңы процессинде, 1993-1997-жылдар ичинде Чүй облусунун губернаторлугу кызматында мамлекеттик каражатты сарп кылгандыгы үчүн сот аны 10 жылга эркинен ажыраткан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД