Массалык баш аламандык жөнүндө билдирүү тараткан аял аныкталды

Социалдык тармактарда массалык башаламандык боло тургандыгы жөнүндө билдирүү тараткан аял аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ыкчам-иликтөө иш чараларынын жүрүшүндө, Кыргызстандын жараны (аял киши) ар кандай ушактарга ишенип, 25-августтан 13-сентябрга чейин массалык баш аламандык болушу күтүлүп жаткандыгы жөнүндө жакындарына эскертүү берүү максатында аудиолорду таратканы аныкталды. Кийин анын билдирүүсү социалдык тармактарга тарап кеткен.

Профилактикалык маектин жүрүшүндө аял өзүнүн жасаган иш аракетине өкүнүп, туура эмес иш кылганын мойнуна алды. Ал ошондой эле өлкөнүн жарандарынан коомчулукка жаңылыштык алып келгендиги үчүн кечирим сурады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД