Сапар Исаковдун абалы салыштырмалуу канааттандыраарлык

Саламаттык сактоо министрлиги социалдык тармактарда, дарыгерлер мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун так диагнозун аныктай албай жатат деген маалыматты четке кагат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматка караганда, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун абалы салыштырмалуу канааттандыраарлык. Ал 16-августта № 2 Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнө жаткырылып, "омуртка тамырларынын кысылышы" диагнозу коюлган.

Азыркы убакта мурдагы өкмөт башчы дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, керектүү дары-дармектер менен дарыланып жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД