Маммүлктүн жетекчилигине Жылдызбек Исакулов дайындалды

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп Исакулов Жылдызбек Абдилахатович дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондун буга чейин жетектеп келген Ренат Түлөбердиев башка кызматка өткөнүнө байланыштуу төрагалыктан бошотулду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД