Бишкектин Фучик паркы тарабында кампа өрттөнүп жатат (видео)

Бишкек шаарынын Фучик паркы тарабында чоң өрт чыкты. Бул тууралуу VB.KG редакциясына күбөлөр билдиришти.

Бул маалыматты ӨКМдин басма сөз кызматы да тастыктады. Берилген маалымат боюнча, шаардын Ленин районундагы Москва менен Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кампалардын бири өрттөнүп жатканы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 11:23тө 5 өрт өчүрүүчү бөлүм жөнөтүлдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД