Сентябрда Кыргызстандын мектептерине 156 миң бала биринчи класска барат

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, сентябрдагы жаңы окуу жылында биринчи класска 156 миңден ашык балдар барышат.

Анын ичинен: Бишкекте – 22 миң 981 бала, Ошто – 11 миң 69, Ош облусунда – 22 миң 210, Нарын облусунда – 13 миң 982, Ысык-Көл облусунда – 15 миң 182, Жалал-Абад облусунда – 25 миң 257, Баткен облусунда – 11 миң 443, Чүй облусунда – 23 миң 600, Талас облусунда 10 миң 540 бала.

Республика боюнча 1-класстан 11-класска чейинки окуучулардын жалпы саны 1 млн 268 миңди түзөт.

Министрликте белгилешкендей, беш жыл ичинде шаарлардагы окуучулардын саны - 25%, ал эми айыл жергесинде – 14% өскөн.

Республикада мектептердин саны 2 265 түзөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД