2019-жылы Кыргызстанда иштөөгө уруксаттын көпчүлүгү кытайлыктарга берилген

Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын коорупцияны алдан-алуу маселеси боюнча өкүлү Куван Бекмуратов 2019-жылдын 7 айы ичинде Кыргызстандын аймагында ишмердигин жүргүзүп жаткан чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар жөнүндө маалымат берди.

-Кыргыз Республикасынын бюджетине түшкөн акча каражаттарын көбөйтүү, ошондой эле улуттук рынокту тажрыйбасыз чет өлкөлүк жумуш күчүнүн агымынан коргоо максатында КР өкмөтү тарабынан чет өлкөлүк адистерге жумушка орношууга уруксат берүүчү мамлекеттик салыктын жаңы ставкалары аныкталган, - деп эске салды Бекмуратов.

Үстүбүздөгү жылдын 7 ай ичинде уруксат берилүүчү документтерден республиканын бюджетине 64,3 млн сом түштү, бул сумма 2018-жылдын 7 айына салыштырмалуу 1,8 эсеге (35,8 млн сом) көптүк кылат.

Мамлекеттик салыктын жаңы ставкалары миграция боюнча Мамлекеттик кызматына жылдын аягына чейин республиканын бюджетин болжол менен 100 млн сомго толтурууга мүмкүндүк берет.

2019-жылдын 7 ай ичинде 8 миң 757 чет өлкөлүк адис Кыргыз Республикасынын аймагында иштөөгө уруксат алган, бул КР өкмөтү 2019-жылга бекиткен квотанын 50,3% түзөт (баардыгы 17 миң 410 адам), анын ичинен – 656 жеке ишкерлер.

Кыргызстандын аймактарына бөлгөндө 01.08.2019-жылга бекитилген квота боюнча көрсөткүч төмөндөгүдөй:

Бишкек шаары – 43,4%;

Жалал-Абад облусу – 25,2%;

Чүй облусу – 15,5%;

Ош облусу – 5,0%;

Ош шаары – 4,7%;

Нарын облусу – 2,8%;

Ысык-Көл облусу – 1,9%;

Баткен облусу – 1,1%;

Талас облусу – 0,4%.

Экономика тармактары боюнча көрсөткүч төмөндөгүдөй:

-өнөр жайы жана курулуш боюнча – 42,3% (Нефтини жана курулуш материалдарын өндүрүү, курулуш жана автожолдорду реконструкциялоо, тигүү өндүрүшү, курулуш жана транспорт);

-айыл чарбасы боюнча – 1,7%;

-энергетика, гелогиялык чалгындоо, тоо-кен өнөр жайы -25,1% (Чүй облусунда алтын кенин иштетүү жана казып алуу, Жалал-Абад облусунда нефти, газ, алтын казуу, Ош облусунда көмүр казуу);

-соода, тамак-аш жана башка кызматтар – 21,1; (Анын ичинде жеке ишкерлик – 7,5%);

-саламаттык сактоо, билим берүү жана илим (кайрымдуулук) – 9,4;

-насыя берүү жана банк сектору – 0,3%.

Кыргызстандын аймагында ишмердик жүргүзүү үчүн уруксаттын 81 өлкөнүн ичинен көпчүлүгү Кытайдын жарандарына берилген.

Алардын ичинен, КЭР жарандарына – 76,6% же 6 миң 711 адам, Турция Республикасынын жарандарына – 6,7% же 588 адам, Корея Республикасынын жарандарына – 2,7% же 238 адам, Пакистандын жарандарына – 2.1% же 186 адам, АКШ жарандарына – 1,3% же 113 адам, Индиянын жана Өзбекстандын жарандарына – 1,2% же 104 жана 101 адам.

Бишкекте жана Чүй облусунда иштөөгө 515 чет өлкөлүк жаранга, түштүк региондо – 141 жаранга уруксат берилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД