Кыргызстандан Россияга жөнөтүлгөн балды өткөрбөй коюушту

Омск облусунун аймагына кире бериш жерде Кыргызстандан 700 кг бал тартып бараткан автоунаа кармалган. Росайылчарбакөзөмөл мекемесинин маалыматы боюнча, жүк тарткан автоунааны "Черпакский" көзөмөлдөп өткөрүүчү жайында токтотушкан.

Жергиликтүү Росайылчарбакөзөмөл мекемесинин кызматкери текшерген учурда, товарды транзит менен Кыргызстандан Омск облусу аркылуу Иркутск облусуна алып бараткандыгы аныкталган. Бал тартып бараткан айдоочу Бажы союзунун ветеринардык сертификатын көрсөтө алган эмес, себеи анын мындай документтери жок болгон.

-Мына ушуга байланыштуу балды Россиянын аймагына алып кирүүгө тыйуу салынып, балды жүктөлгөн жерине кайтаруу чечими кабыл алынды. Жобону бузуучу ветеринардык-санитардык эрежени сактабагандыгы беренеси боюнча админстративдик жоопко тартылды, - деп билдиришти Росайылчарбакөзөмөл мекемесинен.

Бул жерде белгилешкендей, Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында аныкталган талаптарды бузуу менен Кыргызстандан тартылып келген азыктын кайра кайтарылышы биринчи жолу болуп отурган жок. Мындан да көп өлчөмдө – Ош облусунан Омск облусу аркылуу Иркутскиге ветеринардык коштолгон документтери жок тартылып келе жаткан 800 кг балды 2016-жылы февраль айында кайра кайтарууга туура келген.

Ушундай эле себептер менен Кыргызстандан жана Өзбекстандан Якутияга тартылып келе жаткан жер-жемиштер бузулуп кеткендиктен жок кылууга дуушар болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД