1531 жаш педагог республиканын мектептерине жолдомо алды

Ушул жылы жогорку окуу жайларынын бюджеттик бөлүмүн аяктаган 1531 бүтрүүчү мамлекеттик кадрларды бөлүштүрүү алкагында мектептерде иштөөгө жолдомо алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, үстүтбүздөгү жылы бюджеттик жана контрактык бөлүмдөрдү аяктаган педагогикалык кадрлардын жалпы саны - 4186 адисти түздү.

Ар бир бүтүрүүчүнүн жумуш ордуна баруусун жана республиканын мектептеринде бош орун бар экендиги боюнча мониторинг жасоо окуу жылынын башталышында уюштурулган.

Ошондой эле министрлик үстүбүздөгү жылы республиканын чек арага жакын жайгашкан райондорундагы мектептерди педагогикалык кадрлар менен камсыз кылуу үчүн, педагогикалык жогорку окуу жайлардагы 165 бюджеттик орундун 131 бөлүп берди.

-Азыркы убакта Кыргызстанда 77 миңден ашык мугалим иштейт, - деп айтылат Билим берүү жана илим министрлигинин билдирүүсүндө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД