Кыргызстандык эки фильм "Киношок" фестивалынын сыйлыгы үчүн ат салышат

Кыргыз режиссерлеру тарткан эки кинотасма XXVIII россиялык "Киношок" кинофестивалынын расмий конкурстук прогарммасына киргизилди.

Росииялык белгилүү кинофестиваль үстүбүздөгү жылы 1-8-сентябрда Анапа курорт-шаарында өткөрүлөт.

Кинофестивалга беш конкурстук программа киргизилген: толукметраждуу, кыскаметраждуу, документалдык, телевизиондук жана балдар тасмасы.

Катышуучулардын телевизиондук иштери көрүүчүлөрдүн добуш берүүсү менен аныкталат. Балдардыкына – балдар жана кыздар баа берет. Ал эми толукметраждуу, кыскаметраждуу жана документалдуу тасмаларды профессионалдуу жюри баалайт. Бул команданын иши абдан оор жана жоопкерчиликтүү, бирок, ошол эле учурда ардактуу да болуп саналат. Кыргыз режиссеру жана продюсери Таалайбек Кулмендеевге толукметраждуу конкурста жюри мүчөсү болуу урматы берилди. Ал эми анын кесиптештеринин эки кинотасмасы кыскаметраждуу жана документалдуу фильмдер арасында "Киношок" сыйлыгы үчүн кыскаметраждуу жана документалдуу кино конкурсунда ат салышмакчы.

Кыскаметраждуу конкурстук программада Евгений Чистяковдун "Черное солнце" тасмасы көрсөтүлөт. Бул картинага Россия, Литва, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Армениянын фильмдери менен атаандашууга туура келет. Конкурска жалпысынан 20 фильм катталган. Катышуучулардын ишине режиссер жана сценарист Наталья Мещанина башында турган жюри мүчөлөрү баа бермекчи.

Документалдуу кинонун конкурстук программасына Эрлан Өмүрбековдун "Перегон" фильми катышат. Бул жыйырма мүнөттүк тасманын жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү бар. Бул үчүн ал Россия, Молдова, Эстония, Финляндия жана Армениянын фильмдери сыяктуу эле жюриге чоң таасир тийгизүүсү шарт. Бул конкурска катышкан тасмаларга режиссер, сценарист жана художник Вадим Цаликов башында турган жюри мүчөлөрү баа берет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД