Экс-башпрокурор Жолдубаева тергөө менен кызматташууга макулдугун бердиби?

Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушуна байланышкан иш боюнча Бишкектин Биринчи май райондук соту экс-башкы прокурор Индира Жолдубаевага карата баш коргоо чарасын тандады. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, Индира Жолдубаевага карата үй камагы чарасы тандалган.

Учурда ИИМдин Тергөө кызматы Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу тергөө иштерин улантып жатат. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 20-августта Жолдубаева Индира Ырысбаевна КР Жазык кодексиндеги 43-беренеси жана 319-беренеси (Коррупция) боюнча кылмышка шектелип жатканы билдирилген.

Эске салсак, мурда бул иш боюнча тергөө менен кызматташууга макулдугун берип, экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов жана экс-башкы прокурор Аида Салянова үй камагына чыгарылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД