С. Жээнбеков Ак-Талаа районунун жашоочулары менен жолугушууда

Президент Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында бүгүн, 22-августта Ак-Талаа районунун жашоочулары менен жолугушуу өткөрүүдө.

Мамлекет башчысы Ак-Талаа районунун чоң потенциалын белгилеп, анын алыскы тоолуу район катары, Кыргызстандын башка аймактары менен биргеликте өнүгөрүн белгиледи.

Президент ак-талаалыктарга республиканын баардык аймактарында өнүктүрүү боюнча өткөрүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө айтып берди. Жер-жерлерде, айылдарда бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү - салыктардан бошотуу же аларды кыскартуу, продукцияны сертификаттоо боюнча жаңы лабораторияларды куруу, айыл ишкерлерин колдоо боюнча финансылык институттардын ишмердиги, жеңилдетилген насыялоо, өндүрүштү өнүктүрүү жана экологиялык таза продукцияны экспортко чыгаруу, саламаттыкты сактоо, билим берүү, спорт тармактарындагы реформалар, сот-укуктук реформа жана коррупция менен күрөшүү.

Өлкөнү санариптештирүү жана мамлекеттик кызматтарды электрондук форматка өткөрүүнү жана ошондой эле тышкы саясаттагы жүргүзүлүп жаткан иштерди өзгөчө белгилеп өттү.

Сооронбай Жээнбеков ирригация жана таза суу менен камсыздоо боюнча улуттук долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүнө кеңири токтолуп, бул багыттар анын президенттик кампаниясынын негизги убадаларынан болгонун белгиледи. Ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасына ылайык, 2026-жылга чейин 65 миӊ гектардан ашык жаңы сугат жерлер өздөштүрүлүп, 50 миӊ гектар жерди суу менен камсыздоо жогорулайт. Калкты таза суу менен камсыз кылуу стратегиясынын алкагында 653 калктуу конуштун 69 айылы таза суу менен камсыз болду. Эми алдыдагы 5 жылда 584 айылга таза суу тартылат.

Өлкөнүн стратегиялык жана ички жолдорун куруу уланууда. Ар бир райондук борбордо 4 чакырымдан кем эмес жолдорду оңдоп-түзөө башталып, энергетикалык долбоорлор ишке ашырылып, ГЭСтерде реконструкциялоо иштери жүрүп жатат.

Мамлекеттик ипотеканын пайызы 14 пайыздан 7 пайызга төмөндөдү. Ипотекалык насыяга бюджеттен бөлүнгөн акчаны быйыл 2 миллиард сомго жеткирүү болжолдонууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков ак-талаалыктарды өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган максаттар жана милдеттер кыргызстандыктардын кызыкчылыктарында ишке ашырыларына ишендирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД