Адил Турдукулов Абдил Сегизбаевдин жоопко тартылышын талап кылууда

Адил Турдукулов Башкы прокуратурага кайрылып, Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча Абдил Сегизбаевдин иш аракетине баа берүүнү өтүнгөн. Бул тууралуу ал Facebookтагы өз баракчасына жазган.

Турдукулов эске салгандай, 2016-жылы күз айында УКМКнын ошол кездеги жетекчиси Абдил Сегизбаев "Ата Мекен" партиясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова "Альфа Телеком" ЖАК 50% акциясын сатууга кызыкдар болушкан жана муну Борбордук Америкадага Белиз мамлекетинен алынган документтер тастыктап турат деп билдирген.

-Бул жасалма документтер өлкөнүн башкы телеканалы аркылуу активдүү көрсөтүлүп, депутаттарга карата текшерүү иштери башталган. Кийин билингендей, УКМК Белизден эч кандай расмий документтерди алган эмес. Мында Сегизбаев өз кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жогоруда аталган адамдарды каралап, жалган документтерди көрсөтүү менен алдамчылыкка барган, - деп белгилейт ал.

Кайрылуумдун катталуу номери № 34699, - деп билдирди Турдукулов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД