14 жаштагы Шахноза Акунова изделүүдө

Чүй облусунун Аламүдүн райондук ИИБ тарабынан дайынсыз жоголгон 2005-туулган Акунова Шахноза Рустамовна изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Акунова Шахноза Рустамовна 21-августта саат болжол менен 18:00дө Аламүдүн районундагы Энергетиктер шаарчасынан үйдөн чыккан бойдон кайрылып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 150-160 сантиметр, дене түзүлүшү арыкчырай, көзү кара-күрөң. Кийген кийимдери: кызыл түстөгү спорттук кийим, көк түстөгү жинсы шымы жана бутунда жайкы кара бут кийим.

Маалыматы бар жарандар 102 кызматына же 0(312) 36-35-27, 0(312)36-35-23, 0(552) 22-06-92, 0(704) 31-25-05, 0(550) 34-33-63 телефон номерине чалса болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД