Аскар Акаев Кыргызстанга келсе суракка алынат

Акыркы кездерде ММК жана социалдык тармактарда мурдагы президент Аскар Акаевдин Кыргызстанга кайтып келүүсү мүмкүн экендиги боюнча тема көп айтыла баштагандыгына байланыштуу, Башкы прокуратура анын үй бүлөсүнө карата кандай кылмыш иштери козголгондугун эске салууну чечти.

Аскар Акаев Кыргызстанга келген учурда тиешелүү органдар тарабынан суракка алынып, андан кийин анын иш-аракеттерине юридикалык баа берилет. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 23-августта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы таратты.

2005-жылдын апрель айынан баштап Аскар Акаевдин үй бүлөсүнө, туугандарына жана анын айланасындагы жакындарына карата мамлекеттик комиссиянын, укук коргоо органдарынын материалдары боюнча бир нече кылмыш иши козголгон.

Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева жетектеген "Мээрим" фонду боюнча, уулу Айдар Акаев, мурунку күйөө баласы Адил Тойгонбаев жана башка адамдарга карата кылмыш иш козголгон. Алардын иш-аракетинин кесепетинен мамлекетке миллиондогон чыгым келтирилген. Айрым кылмыш иштер боюнча соттун өкүмү чыккан.

Ошону менен катар "Мээрим" кайрымдуулук фондунун ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгында 30дан ашык кылмыш иш козголгон. Мамлекетке келтирилген материалдык зыян - 64 миллион сом. Ондогон имараттар жана башка мүлктөр мамлекетке кайтарылган.

Аскар Акаевдин мурунку күйөө баласы Адил Тойгонбаев сырттан мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыратылган. Ал Кылмыш-жаза кодексиндеги 166-берене (алдамчылык), 188-берене (монополиялык аракеттер жана атаандаштыкты чектөө) жана 213-берене (чарба жүргүзүүчү субъекттердин кызмат адамдарынын салыктарды жана милдеттүү камсыздандыруу акыларын төлөөдөн четтөөсү) боюнча күнөөлүү деп табылган. Мындан тышкары сот соттолуучудан "Манас" эл аралык аэропортунун пайдасына 677,291 миллион сом (болжол менен 10 млн доллар) өндүрүүнү милдеттендирген.

Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевге карата 4 кылмыш иш козголгон. Мамлекетке келтирилген материалдык зыян - 3 млн доллар. Ошондой эле 11 кылмыш ишке түз жана кыйыр түрдө күнөөлүү экени далилденген.

Аскар Акаев жана анын үй-бүлөсү 2005-жылдагы революциядан кийин Кыргызстандан чыгып кеткендигине байланыштуу, алар тараптан жасалган кылмыштардын алкагында камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалган. Ошондой эле Айдар Акаевге, мурунку күйөө баласы Адил Тойгонбаевге жана туугандарына издөө жарыяланган.

Өлкөнүн укук коргоо органдары КР мыйзамдарын жана улуттун кызыкчылыгын коргоо алкагында иликтөө иштерин улантууда. Белгилей кетсек, Аскар Акаевдин жогоруда аталган кылмыштарга тиешеси бар экендигин аныктоо максатында, эгер ал Кыргызстанга кайтып келген учурда, тиешелүү тергөө органдары тарабынан суракка алынат жана андан кийин анын иш-аракеттерине юридикалык баа берилет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД