Кыргыз эстрадасынын жылдыздары "Кант" авиабазасынын командасын жеңип алышты

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия академиясынын стадионунда (Ахунбаев көчөсү, 97) Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борборунун кубогу үчүн "Кант" авивбазасынын командасы менен "Кыргызстандан "Арт-футбол" (театр, кино жана эстрада жылдыздары) командасынын ортосунда футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Бул мелдеш Россия Федерациясынын мамлекеттик желегинин күнүнө арналды. Оюнду Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору уюштурду.

Оюндун биринчи бөлүгүндө кыргызстандыктар атаандаштарынын дарбазасына 2 гол киргизишти. Экинчи бөлүктө россиялыктар 2 гол менен жооп беришти, бирок, кыргызстандыктар дагы 3 гол киргизүүгө жетишти, ошентип жалпы 5:2 эсеби менен эстрада жылдыздары жеңишке жетишти.

Кыргызстандыктардын командасында чыгыш музыкасын аткаруучу Муса Жомарт үч голдун автору (хет-трик) болуп, продюсер Рахатбек Кабиров жана киноактер Улан Өмүралиев бирден гол киргизишти.

Кыргызстандыктардын командасынын тизмесине белгилүү "Элес" тобунун экс-солисти Адил Чекиров, орус романсынын маэстросу, маданий долбоорлордун деилгечиси Игорь Воронцов, кыргыз футболунун жылдызы, оюнчу машыктыруучу Руслан Сыдыков, продюсер Азамат Калдыбаев, спорттук комментатор Алмаз Раимжанов жана башка катышуучулар киргизилген.

Мелдештин жеңүүчүлөрүнө кубокту Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борборунун директору Виктор Нефедов тапшырды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД