Эгемендүүлүк күнүнө карата милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт

Эгемендүүлүк күнүнө карата Чүй облусунун аймагында коомдук тартипти камсыздоо үчүн "Укук тартиби" иш чарасы жүргүзүлөт. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББ басма сөз кызматы билдирди.

Бул иш чара Эгемендүүлүк күнүн өткөрүүгө жана ага карата даярдыктарды көрүүдө коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун жана жолдо жүрүү эрежесин сактоого багытталган.

Ошондуктан үстүбүздөгү жылдын 30-августунан баштап 2-сентябрына чейин Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт. Коомдук тартипти камсыздоого 800дөн ашуун кызматкер тартылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД