Кыргызстандын ЖОЖдору Россиянын университеттеринин тажрыйбасын колдонот

Россия Федерациясынын илим жана жогорку билим берүү министрлигинде "Мамлекеттик маалыматтык илимий-билим берүү жана жаштар саясатын түзүүдө ЖОЖдордун ролун күчөтүү" семинар-кеңешме өткөрүлдү. 85 РФ региондорундагы 230 жогорку окуу жайларынын 400 адистери келген кеңешмеге Кыргыз-Россия Славян Университетини маалымат жана коомчулук менен байланышуу боюнча проректору Леонид Сумароков да катышты.

Москвадагы Борбордук окумуштуулар үйүндө өткөрүлгөн бул форумдун программасына 12 блок киргизилип, анын ар бири интерактивдүү формада иштеди. Спикерлер аудиториядагиялар менен "Илим" жана "Билим" улуттук долбоорлорун маалыматтык жактан бирге уюштуруу, жождордун белгилүү болуусун жогорулатуу, узак мөөнөттүк тышкы байланыштарды түзүү сыяктуу актуалдуу темаларды талкуулашты.

Форумдун катышуучулары менен аңгемелешип жатып, РФ илим жана жогорку билим берүү министри Михаил Котюков маалыматтык иштерди күчөтүүнү колдой тургандыгын билдирди. Анын пикири боюнча, мунун баардыгы билим берүү тармагындагы атаандаштыктын жана профессионалдуу билим берүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн зарыл.

Леонид Сумароковдун айтымында, семинарда көтөрүлгөн маселелер Кыргызстандын жогорку окуу жайлары үчүн да абдан актуалдуу болуп саналат. Аларды чечүүдө эл аралык студенттер кызматташтыгы жана ошондой эле Россиянын билим берүү мекемелери тарабынан жардам берилет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД