Садыр Жапаровдун уулу жол кырсыгынан каза тапты

Экс-депутат Садыр Жапаровдун улуу баласы Дастан Ысык-Көлдөн келе жатканда жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу govori.tv басылмасы өз булактарына таянуу менен билдирди.

Садыр Жапаровду уулуна топурак салууга катыша тургандыгы жөнүндө азырынча белгисиз. VB.KG редакциясына түшүндүрүшкөндөй, Садыр Жапаров тарап ЖАМК уруксат берүү өтүнүчү менен кайрыла электигин айтышты.

Алар арыз жазып кайрылаары менен, ЖАМК бул маселени берене жана камалуу мөөнөтүнө ылайык карап чыгышат, - деп түшүндүрүштү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматындагылар.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылы март айында экс-депутат Садыр Жапаровго апасын акыркы сапрага узатууга катышууга уруксат беришкен. Бирок, буга чейин 2017-жылы сентябрь айында саясатчынын атасы каза болгондо, катышууга мүмкүндүк берилген эмес.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД