Мугалимдердин конференциясы "Газпромдун" мектебинде өткөрүлөт

27-августта саат 10:00дө "Газпром" мектебинин базасында борбор шаардын билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин жана мугалимдеринин жыл сайын өткөрүлүүчү конференциясы өз ишин баштайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Конференциянын алкагында педагогодор балдарды окутуу боюнча жаңы методдору менен ой бөлүшөт, былтыркы окуу жылынын жыйынтыктарын чыгарышат, 2019-2020-жылдардагы муниципалдык билим берүү системасын келечекте өнүктүрүү маселесин талкуулашат.

Августтагы мугалимдер конференциясынын ишине шаардык билим берүү уюмдарынын 400дөн ашык жетекчилери жана педагогдору, Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары катышат.

Ошондой эле муниципалдык билим берүү системасынын жетишкендиктери боюнча көргөзмө болоору күтүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД