Кыргызстанда төө багууга инвестиция тартылат

Кыргыз Республикасындагы "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында, International Camel Organization (ICO) уюмунун генералдык катчысы, доктор Мубарак Аль Суалим (Сауд Арабиясы) жана КР өкмөтүнүн, мамлекеттик органдарынын жана он төрт өлкөдөн келген төө багуу боюнча атайын уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда "Борбордук Азиядагы төө чарбачылыгы: тарыхый жолу жана келечеги" I Эл аралык конференциясы өткөрүлөт. Бул иш чаранын уюштуруучусу катары International Camel Organization (ICO) эл аралык уюму болуп саналат.

Конференция төө чарбачылыгынын тарыхы, абалы жана аны өнүктүрүү, уюштуруу-методикалык семинар-тренинги жана мастер-класстар боюнча доклад окуу формаларында өткөрүлөт.

Конференциянын жыйынтыгы боюнча Борбордук Азияда International Camel Organization (ICO) уюмун түзүү пландаштырылууда.

VB.KG редакциясына түшүндүрмө беришкендей, ICO уюму Кыргызстанда төө багууну өнүктүрүү маселеси менен алектенет.

-Бул тармакка акча салууга даяр инвесторлор бар, - дешти International Camel Organization өкүлдөрү.

Белгилей кетсек, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы мурдагы ыйгарым өкүлү Аскат Акибаев бул уюмдун вице-президенти болуп эсептелет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД