Мира Жангарачеванын жоопкерчилиги каралабы?

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы Ички иштер министрлигине жана Башкы прокуартурага кайрылуусун жарыялап, Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директору Мира Жангарачеванын Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен телефон аркылуу, Кой-Таштагы Атамбаевди кармоо операциясына байланыштуу сүйлөшкөн сөздөрүнө экспертиза жүргүзүү керектигин билдирген. Бул сүйлөшүүнүн аудиожазуусу соцтармактарда пайда болду.

-Биз бул аудиожазууну жана Мира Жангарачеванын катышуусундагы документалдык фильмди, жазылган үндүн тактыгын аныктоо үчүн чет мамлекеттеги эл аралык экспертизага жибердик.

Эгер үн жазуусунун так экендиги аныкталса, Мира Жангарачева суракка чакырылып жана ага карата зомбулукка жана адам өлтүрүүгө чакырык таштагандыгы боюнча укуктук баа берилип, жоопкерчилиги каралууга тийиш, - деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директору Мира Жангарачева соцтармактар аркылуу өз оппоненттерин эскертип, Курсан Асанов менен сүйлөшпөгөнүн айтып, Facebooke баракчасы аркылуу жооп кайтарды.

-Политтехнологдор тарабынан төлөнгөн оюнду, сүрөт жана видеомонтаждарды токтотпосоңор силер эмес, кадыр-баркымды коргоо үчүн сотко кайрылууга мен аргасыз болом, - деп жазды Мира Жангарачева.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД