Эксперт: Өкмөт башчынын отставкасы боюнча маселе 2020-ж. чейин көтөрүлбөйт

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин отставкага кетиши мүмкүн экендиги боюнча маселе 2020-жылга чейин көтөрүлбөйт. Мындай пикирин мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт Алишер Мамасалиев VB.KG редакциясына билдирди.

Саясат таануучу редакциянын суроолоруна жооп берди.

Күзүндө саясий абалдын курч алышы мүмкүнбү?

-Быйылкы жылы Кой-Таштагы окуянын кесепетинен көпчүлүк көнүп калган, июль айынан сентябрга чейинки мезгилдеги эс алуусу жакшы болбой калды. Ушуга байланыштуу элдин саясаттан чарчап тургандыгы байкалууда. Ошондуктан менин саясий көз карашымда сентябрь айы тынч өтөт, эч кандай кескин кыймылдар күтүлбөйт, - деп эсептейт эксперт.

Айрым эксперттер өкмөттүн отставкасы жана Өмүрбек Бабановдун акталышы жөнүндө кеп кылып жатышпайбы?

-Премьер-министр мугалимдердин айлык акысы октябрь айынан баштап 30% көбөйө тургандыгын билдиргенден кийин, бул эми Абылгазиевдин отставкасы жөнүндөгү маселе 2020-жылга чейин көтөрүлбөйт дегенди билдирип калды. Билим тармагындагы кызматкерлердин айлык акысы көбөйө тургандыгы жөнүндөгү мындай олуттуу билдирүүнү президент Сооронбай Жээнбеков позициясын бекемдөө үчүн, өзү деле жасаса болмок, бирок, ал муну менен өкмөт башчыныкын бекемдөөнү чечти, менин оюмча, мына ушуну менен баары айтылды.

Ал эми Өмүрбек Бабанов жөнүндө айта турган болсок, бүгүнкү күндө ал биринчи кезекте өзүнө карата козголгон иштер боюнча маселени чечип алуусу керек. Бул эми канча убакытка созулаары белгисиз. Эгер ал бул маселелерди оң жагына чыгарып чечип алса, анда анын алдыдагы парламенттик шайлоолорго жолу ачылат, - деп сөзүн жыйынтыктады Мамасалиев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД