Казакстандын Кыргызстандагы элчиси дайындалды

Казакстандын Кыргызстандагы элчиси болуп Нурпеисов Кайрат Айтмухамбетович дайындалды. Бул тууралуу Казакстандын президентинин расмий сайтына жарыяланды.

Кайрат Нурпеисов буга чейин президенттин парламенттеги өкүлчүлүгүн жетектеп келген.

Нурпеисов Кайрат Айтмухамбетович 1957-жылы Павлодар облусунда туулган. Павлодар педагогикалык институтун бүтүрүп, математик адистигине (1979-ж); Алма-Ата институтун бүтүрүп, экономист адистигине (1986-ж) ээ болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД