Свердлов райондук сотунун судьясына кылмыш иши козголду

Бишкек шаарынын Сведлов райондук сотунун мурдагы судьясы Д.Т. дарегине Башкы прокуратура КР Жазык кодексинин 304-беренесинде (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 305-беренесинде (кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу), 315-беренесинде (кызматтык жасалмалоо) жана 328-беренесинде (сот адилеттигине жатпаган өкүм чыгаруу) каралган кылымштарга шектелип жаткандыгы боюнча билдирүү тапшырган.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, 2016-жылдын 30-сентябрында А.Ж. аттуу жактоочу Россияда камакка алынган жактоочусу Ч.Ю. аттуу жарандын кызыкчылыгын коргоп, аны камактан мыйзамсыз бошотуу үчүн Свердлов РИИБдин тергөөчүсүнүн аракетине арызданып, Свердлов райондук сотуна кайрылган. Ал судьяга козголгон кылмыш иш тууралуу токтомду мыйзамсыз деп табууну жана Свердлов райондук сотунун камакка алуу бөгөт коюу чарасын сырттан кароо тууралуу токтомду жокко чыгарууну өтүнгөн.

Андан кийин, 2016-жылдын 4-октябрында аталган судья өзүнүн кызматтык укутарынын чегинен чыгып, адилетсиз чечимдери тууралуу билип, Ч.Ю. аттуу жаранды кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу максатында А.С. аттуу тергөөчүнүн аталган жаранга Жазык кодексинин 166-беренесинде каралган (алдамчылык) кылмыш ишин козгоо тууралуу токтомун жокко чыгарган. Мындан тышкары ал камакка алуу бөгөт коюу чарасын сырттан кароо тууралуу токтомду жокко чыгарган", - деп айтылат маалыматта.

Учурда жогоруда аталган судьяга карата козголгон кылмыш иши сотко жөнөтүлдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД