2020-жылдан баштап Бишкектеги айланма жолдо акы алынышы мүмкүн

Кыргызстанда жолдорго акы төлөп жүрүү жөнүндөгү мыйзам долбоорунун алкагында, Транспорт министрлиги Бишкектеги айланма жолду акы алынуучу жол катары сунуштады. Бул тууралуу economist.kg басылмасы, министрликтин басма сөз кызматына шилтеме жасап билдирди.

Маалыматка ылайык, алгачкы негиздеги долбоор катары Транспорт министрлиги Бишкектин 73 чакырым узундуктагы айланма - Алма-Ата көчөсүнөн баштап Чым-Коргон айылына чейинки жолду акылуу кылууну сунуштады.

-2020-жылдын башында алгачкы долбоордун техникалык-экономикалык негиздерин (ТЭН) даярдоо башталат. Мыйзам долбооруна ылайык, акы төлөнө турган жолдор болуп жалпы колдонуудагы, альтернативалык жүрүүгө мүмкүнчүлүгү болгон жолдор эсептелинет, - деп билдиришти министрликтен.

Азыркы убакта жолдорго акы төлөп жүрүү жөнүдөгү мыйзам долбоору мамлекеттик органдар менен макулдашылып, өкмөттүн аппаратынын кароосуна жиберилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД