Шаардын жашоочуларынын кеңештери жана сунуштары күтүлөт

Бишкектин мэриясы шаардын жашоочуларынан Исанов жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан М. Горький атындагы сквердин реконструкциясы боюнча өз кеңештерин жана сунуштарын берүүнү өтүнөт. Бул тууралуу борбордук муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалымат боюнча, мэр Азиз Суракматов "Бишкек башкы архитектура" мекемеси жана капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан даярдалган эскиз менен таанышып чыгып, кызматкерлерге шаардын таланттуу жашоочуларынын кеңешин жана сунушун угуп анан толуктап иштеп чыгууну тапшырган.

Шаар башчысы жазында бул скверден тышкары Манас проспектиси жана Боталиев көчөсү, Кокчетавский жана Түлөбрдиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан парктарда да масштабдуу реконструкция өткөрүү тапшырмасын берди.

Урматтуу бишкектиктер! Бул иштерде четте калбагыла, бизге силердин ар бириңердин пикириңер маанилүү. Силер өз идеяңар менен бөлүшүп, Бишкек шаарынын эс алуучу жайларынын жакшырышына чоң салым кошо аласыңар. Белгилей кетсек, буга чейин да бул скверди жаңылап, заманбап гайд-паркка айландыруу боюнча идеялар айтылып келген. Гайд парк – коомдук жана саясий чогулуштарды өткөрүүчү орун болуп саналат.

Өзүңөрдүн сунушуңарды жана кеңешиңерди 1-сентябрга чейин почта: kanchaiym@mail.com же WhatsApp-каналы аркылуу: 0 550 305010 жиберсеңер болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД