Солтон-Сары кенинде иштин уланышы жергиликтүү тургундар менен бирге чечилет

Нарын облусундагы Солтон-Сары кенинин келечеги жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгынан кийин чечилет. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта өкмөттүн кеңешмесинде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Жергиликтүү тургундар кенди иштетүүчү жердеги экология боюнча маанилүү маселени көтөрүштү. Алар инвесторлорго карата 83 талап коюшуп, азыркы убакта аны аткаруу маселеси турат. Кенди мындан ары иштетүү маселеси жергиликтүү тургундар менен бирге чечилет", - деди Абылгазиев.

Эске салсак, Солтон-Сары кениндеги иш, 2009-жылдан бери ишмердигин жүргүзүп келе жаткан кытайлык Zhong Ji Mining Compani компаниясынын экологиялык нормалардын бузулушу боюнча жергиликтүү тургундардын каршылыгын билдиргенден кийин токтотулган. 2013-жылы бул компания кенди 2033-жылга чейин иштетүүгө уруксат берүүчү лицензияны алган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД