Токмоктун мэринин өз шаарынын абалын карап чыгууга убактысы жокпу? (фото)

VB.KG редакциясына Токмок шаарынын жашоочусу кайрылып, жергиликтүү бийликтерден "Американские горки" борбордук паркынын мышык ыйлаарлык абалына көңүл буруп коюшун өтүнгөн.

Окурмандын айтымында, аны мындан он жыл мурда Америкадан келген ыктыярчылар куруп жана Токмок мэриясынын балансына өткөрүп беришкен.

-Бул жердеги оюн аянтчалары жарактан чыгып, каруселдери сынып, талкаланып жана уурдалып кеткенине беш жылдан ашык убакыт өтүү, ал эми алардын ордун темир торлор менен ширетип бекитип салышкан, селкинчектер кулап жатат ж.б.у.с. Ушул маселе боюнча шаардын жашоочулары бир нече жолу мэрияга кайрылып да көрүштү, алар угушат да убадаларды берүү менен чектелишет, бирок, эч нерсе жасашкан жок. Ушулардын баарын шаардын мэри кантип көрбөй, байкабай отурат? Эмне үчүн ал өз шаарынын абалын, аймагын карап чыкпайт? Бул унутулган жана "кароосуз калган" Токмокто балдар ойной турган жер да калбай калды го... – деп жазат токмоктук тургун.

Элдик жаңылыкты Токмок шаарынын жашоочусу жазып жиберген


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД