Өкмөт башчы Билим берүү министрлигинин ишин сынга алды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн кеңешмесинде Билим берүү министрлигинин жетекчисине мектептеги окуу китептериндеги жана бүтүрүүчүлөрдүн аттестаттарындагы кетирилген каталарга көңүлүн бурду.

-Сөз маани жагынан гана эмес, жөнөкөй эле грамматикалык каталар жөнүндө болуп жатат. Министрлик биринчиден окуу китептеринде ката кетирсе, экинчиден бүтүрүүчүлөрдүн аттестаттарында катачылыкка жол берген, - деди премьер-министр министрликтин жетекчиси Гүлмира Кудайбердиевага кайрылып.

Эске салсак, өткөн жылы 5-6-класстардын окуу китебинде көптөгөн каталардын кетирилишинен чыр чыккан. Бул жылы Билим берүү министрлиги мектептер үчүн окуу китептердин кезектеги партиясын басып чыгарууну пландаштырууда. Министрлик бул жылы окуу китептеринде каталар болбойт деп үмүттөнүүдө.

-Биз тендердин шартын өзгөрттүк. Эми окуу китептерин басып чыгарууда баардык жоопкерчилик басмага берилет. Мурда жоопкерчилик басма менен типография ортосунда калган, - деди министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев негизги жоопкерчилик басмада эмес, заказчы катары Билим берүү министрлигинде болушу керек деп билдирди.

-Азырынча иш жакшы жүрбөй жатат. Эгер окуу китептери ката кетирилип басылып чыгып жатса, демек билим берүүдө да катачылыктар болот. Эмне үчүн сиз жоопкерчиликти типографияга жүктөп жатасыз? Билим берүү академиясы окуу китептерин иштеп чыгат, ал эми министрликтин жоопкерчилиги кандай болушу керек? – деп суроо салды өкмөт башчысы.

Мухаммедкалый Абылгазиев билим берүү министри окуу китептерге авторлоштордун бири же бекиткен адам болуусу керек, деп билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД