Усупов: Мурда Кыргызстанда төөлөрдүн саны 12 миңге жеткен

Бишкекте "Борбордук Азиядагы төө чарбасы: тарыхый жолу жана келечеги" темасында Эл аралык конференция өтүүдө. Конференцияда Кыргызстанда бул жаныбарды багып жана санын көбөйтүү маселеси талкууланууда.

Бул иш чараны уюштуруучулардын бири, уюштуруу комитетинин мүчөсү Тилек Усупов VB.KG редакциясына Кыргызстандагы төө чарбасынын келечеги тууралуу маек куруп берди.

Анын айтымында, советтик мезгилде Кыргызстандагы төөлөрдүн саны 12 миңге жеткен.

-Ал кезде төөлөрдүн көп болгонун бул цифра өзү эле айтып турат. Азыр Кыргызстанда 1000 жакын төө бар. Биздин өлкө үчүн бул сан өтө эле аз. Анын үстүнө Кыргызстанда мал чарбачылыгы жакшы өнүккөн, бул биздин шартта кандай гана жаныбар болбосун аны багууга мүмкүндүк берет. Бүгүн Кыргызстанда төө чарбасын өнүктүрүү боюнча долбоор абдан актуалдуу болуп саналат. Бул долбоордун жакшы жагын алсак, жаманына караганда бир топ артыкчылыктары бар. Төөнүн этин, сүтүн, жүнүн жана терисин да колдонсо болот. Анын жүнүнөн сапаттуу жана жылуу буюмдар жасалат, эти жана сүтү ден соолук үчүн абдан пайдалуу. Мындан тышкары бул азыктарды экспортко жөнөтсөк да болот.

Ушуну менен бирге төө тоют тандабаган, көп убакыт суусу жана чөбү жок катаал шартта жүрүүгө чыдамдуу жаныбар, - деп белгиледи Усупов.

Ошондой эле активист маегинин аягында кыргызстандыктарды бул долбоорго инвестиция салууга чакырды.

-Ооба, албетте, арабадар инвестициялоого даяр экендигин билдиришүүдө, бирок, кыргызстандыктар үчүн да бул долбоорго салымын кошуу мүмкүнчүлүгү бар. Анткени анын келечеги кең, - деп кошумчалады ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД