С. Курманкуловдун абалынын жакшыруу динамикасы байкалууда

Бүгүнкү күнү Чүй облусунун ИИББнын башчысы Самат Курманкуловдун ден соолугунун абалы оор, бирок дарыгерлердин айтымында, жакшыруу динамикасы байкалууда. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

-Анын өз алдынча дем алуусу жана неврологиялык белгилери калыбына келүүдө. Курманкуловдун тиешелүү дарыланууну алуусу уланууда, - деп белгилешти министрликтен.

Эске салсак, Самат Курманкулов 7-августтан 8-августка караган түнү Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда башынан оор жаракат алган. Ага эки жолу операция жасалып, абалы оор болгондуктан, Москва шаарындагы Бурденко атындагы нейрохирургия борборуна жеткиришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД