Жалал-Абад шаарынын мэри өзүнүн агасын кызматтан алды

Жалал-Абад шаарынын мэринин агасы Абдималык Тагаев 28-августта өз каалоосу менен ээлеген кызматынан кетти. Бул тууралуу azattyk.org басылмасына шилтеме жасоо менен мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Абдималик Тагаевди жүргүнчүлөрдү ташуучу муниципалитеттик ишкананын жетекчилиги кызматынан бошотуу боюнча тиешелүү буйрукка Мураталы Тагаев өзү кол койду. Бирок чындыгында, документтин өзүндө Тагаевдин агасы өз каалоосу менен ээлеген кызматынан кеткендиги көрсөтүлгөн эмес.

Эске салсак, Абдималик Тагаев мурда мэрияга караштуу соода Департаментин жетектеп келип, кийин ишинде кетирген кемчиликтери үчүн кызматынан бошотулган. Андан кийин "Жалал-Абад Тазалык" муниципалитеттик ишканасында жооптуу кызматкер болуп иштеген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД