Курсан Асановдун уулу издөөгө алынды (видео)

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун уулу издөөгө алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, 22 жаштагы Мухаммед-Али Асановго сыртынан үй камагына алуу тууралуу бөгөт чарасы тандалды. Ал кызмат абалынан пайдалангандарга катыштыгы бар делип шектелүүдө.

-Тергөө иштеринин жүрүшүндө 8-августта Курсан Асанов жан сакчысы Пайзылда уулу Дамирбек аркылуу Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүнөн кылмыш иши боюнча мааниси бар делген документтерди жана далил буюмдарды алып чыгып кеткени аныкталган. Андан кийин жан сакчы Пайзылда уулу Дамирбек 8-августта саат 21:00 - 21:15 чамасында ТИМдин имаратынын алдынан Курсан Асановдун тапшырмасы менен, жогоруда аталган буюмдарды анын уулу Мухаммед-Али Асановго өткөрүп берген. Ал эми Мухаммед-Али Асанов аларды Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына жеткирип бермек, - деп билдиришти көзөмөл органдарынан.

Учурда Аскер прокуратурасы тарабынан ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүндө болгон окуялардагы иш-аракеттери боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД