Кытайдын Борбордук опера театрынын өнөрпоздору сыйланышты

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда стратегиялык өнөктөштүк мамилени өнүктүрүүгө, достук байланышты бекемдөөгө, улуттук маданиятты байытууга жана "Манас" эпосун жайылтууга кошкон салымы үчүн Кытайдын Борбордук опера театрынын бир катар артисттери Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

"Даңк" медалы менен:

- Кытай Эл Республикасынын Борбордук опера театрынын солисттери Юй Цзин жэнь, Ли Шуан жана Яо Хун сыйланды.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен:

- Кытай Эл Республикасынын Борбордук опера театрынын солисттери Го Чэнчэн жана Гэн Чже сыйланды.

Эске сласак, үстүбүздөгү жылдын жай мезгилинде Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Кытайдын Борбордук опера театрынын өнөрпоздору "Манас" операсын коюшкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД