Сотто Ө.Текебаев менен Д.Чотоновдун баш коргоо чарасы каралып жатат

Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун баш коргоо чарасы каралып жатат.

21-августта Жогорку сотто мурунку депутат Өмүрбек Текебаевге карата козголгон кылмыш иштеги жаңы ачылган жагдайлар боюнча сот отуруму өткөн. Сот Ө.Текебаев менен Д.Чотоновдун ишин кайрадан Биринчи май райондук сотуна жөнөтүү чечимин кабыл алган болчу.

Соттун отуруму жабык түрдө өтүүдө. Саясатчылардын тарапташтары соттун имаратынын алдына чогулушуп, соттун чечимин күтүп жатышат.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов "коррупция" беренеси менен, мүлкү конфискацияланып жана 8 жылга эркинен ажыратылган. Азыркы убакта жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу соттун чечими кайра кароого жөнөтүлгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД