Өмүрбек Текебаев сот залынан бошотулду

Бүгүн, 29-августта Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев менен Кыргызстандын Түштүк Кореядагы экс-элчиси, экс-министр Дүйшөн Чотоновдун баш коргоо чарасы тандалып, сот Ө.Текебаев менен Д.Чотоновду үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды.

Алар зот залынан бошотулду.

Учурда Өмүрбек Текебаев соттун чечимин күтүп турган өзүнүн тарапташтарынын алдында сөз сүйлөп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД