Кыргызстандыктар "Артектеги" спорттук фестивалга катышты (фотосүрөт)

27-августта "Артекте" улуттук спорт оюндарынын III Эл аралык фестивалы аяктады. Уюштуруучлардын маалыматы боюнча, фестивалга Кытай, Кыргызстан, Ливан, Нидерланды, Россия, Франция сыяктуу жалпы 10 мамлекеттен келген өспүрүмдөр катышты.

Бул фестиваль чыгармачыл коллективдердин катышуучуларын, спорттук федерациялардын, спорт мектептеринин жана клубдардын - 600дөн ашык жаш спортчуларын чогултту. "Артекте" жаштар өздөрүнүн жаңы досторуна Европада жана дүйнөдө белгилүү болгон 20 спорттун түрлөрү боюнча мелдешти көргөзүштү.

Фестивалдын алкагында бир эле убакта 18 аянтчада спорттун ар кандай улуттук түрлөрү боюнча мелдеш жүрүп жатты. Мындан тышкары "артектиктер" дүйнөнүн, олимпиада оюндарынын чемпиондору, коомдук ишмерлер менен жолугушту. Балдарга эркин күрөш боюнча дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Александр Иваницкий жана Гиннес рекорддор китеибинин 11 жолку рекордсмени, Евразия элдеринин жаштар ассамблеясынын төрагасы Александр Муромский мейманга келишти.

-Мындай эл аралык өз ара кызматашуунун идеясы абдан кызыктуу. Мен бул жерде абдан көп улуттук оюндардын жана спорттун түрлөрүн көрдүм. "Артекте" Москвадан, Кыргызстандан, Якутиядан келген балдар менен тааныштым. Бул жерде ар кайсы өлкөлөрдөн жана шаарлардан келген балдар менен таанышуу мага абдан жакты, - деди Луганск шаарынан, кикбоксинг боюнча жакшы ийгиликтерге жетишкендиги үчүн "Артекке" жолдомо менен келген Степан Ткачев.

"Артек" – балдардын эл аралык борбору, Крым жарым аралынын түштүк жагындагы Гурзуф айылында жайгашкан. Совет мезгилинде – СССРдеги өтө белгилүү пионер лагери жайгашып, өлкөнүн пионер уюмунун визиттик карточкасы болгон.

Азыр "Артек" – тогуз балдар лагеринен турган ири комплекс (300дөн ашык имарат курулган) болуп саналат. Эл аралык балдар борбору 200 гектар аянтты ээлейт, ал эми деңиз жээгиндеги линиясы 7 км созулат. Бүгүн бул жерге келген балдардын 6 пайызы чет өлкөлүктөрдү түзөт. Башка өлкөлөргө караганда "Артекке" өкүлдөрү тез-тез келип турган өлкөлөрдүн катарына Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Монголия, Сербия, АКШ, Өзбекстан, Украина жана Франция мамлекеттери кирет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД