Кой-Ташта түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлдү

2019-жылдын 7-8-августунда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлдү. Бул комиссияны түзүү боюнча тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Мамлекеттик комиссия 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды объективдүү жана ар тараптуу иликтөө максатында, Жогорку Кеңештин 8-августтагы №3218-VI "2019-жылдын 7-8-августунда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаал жөнүндө" токтомун аткаруу үчүн түзүлдү.

Мамлекеттик комиссияга бир айлык мөөнөттө кырдаалды иликтөө жана Жогорку Кеңешке маалымат берүү үчүн корутунду даярдоо тапшырылды.

Мамлекеттик комиссиянын курамы:

-Разаков Жеңиш Парпиевич - вице-премьер-министр, Мамлекеттик комиссиянын төрагасы;

-Райымкулов Бакытбек Кеңешбекович - Жогорку Кеңештин депутаты, Мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).

Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү:

- Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович - Жогорку Кеңештин депутаты (макулдашуу боюнча);

-Бакчиев Жаныбек Абдукапарович - Жогорку Кеңештин депутаты (макулдашуу боюнча);

-Дюшалиев Абдыбек Кашымбекович - Жогорку Кеңештин депутаты (макулдашуу боюнча);

-Мамытов Талант Турдумаматович - Жогорку Кеңештин депутаты (макулдашуу боюнча);

-Субанбеков Бакирдин Жамалович - Жогорку Кеңештин депутаты (макулдашуу боюнча);

-Шайназаров Тынчтык Урайимович - Жогорку Кеңештин депутаты (макулдашуу боюнча);

-Араев Азамат Муратович - Өкмөттүн аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;

- Абдысатаров Рысбек Курмангазиевич - Коопсуздук кеңештин катчылыгынын коопсуздук жана коргоо боюнча секторунун башчысы (макулдашуу боюнча);

-Жаманкулов Марат Тургунбаевич - Юстиция министри;

-Намазалиев Алтынбек Абдисаламович - Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

-Саккараев марс Намарбекович - Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким;

- Асанкулов Бекболсун Сатаркулович - Чүй облусунун Аламүдүн районунун

Таш- Мойнок айыл аймагынын башчысы (макулдашуу боюнча);

- Медетбеков Артур Капарович - "Антитеррор-Альфа" ветерандардык коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

- Исаков Исмаил Исакович - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);

- Кожоналиев Кубатбек Азатович - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);

Турсунбек Акун - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);

-Мамасалиев Алишер Тургунбаевич - эксперт, коомдук ишмер (макулдашуу боюнча).


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД