Чек арада 1500 литр бензинди мыйзамсыз ташып бараткан жаран кармалды

Баткен облусунун чек ара кызматкерлери тарабынан чек арадан күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз ташып өтүүгө аракет кылган Тажикстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, Тажикстандын 1991-жылы туулган И.Д. аттуу жараны "Hyundai Porter" үлгүсүндөгү унаа менен Кыргызстандан Тажикстан аймагына 1600 литр күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз ташып өтүүгө аракет жасаган.

Учурда тиешелүү документтер толтурулгандан кийин, ал УКМКнын аймактагы бөлүмүнүн кызматкерлерине тапшырылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД